Баткен районунун Ак-Сай айылында Бусурманкул Ходжаев атындагы мектеп ачылды. Салтанаттуу аземге Садыр Жапаров катышты.
Ал Баткенди кайра куруу жана өнүктүрүү боюнча алдыда дагы бир топ иштер жасаларын белгиледи.
“Мен Баткен жергесинде кичинекей бир ийгилик болсо дагы кубанам. Бүгүн мына толугу менен жаңыдан курулган эки айылдын ачылышын жасап жатабыз”, — деди Садыр Жапаров.
Президенттин аймакка болгон иш сапарынын алкагында 30 социалдык объект ачылат.
Белгилей кетсек, аталган мектеп Тажикстандын 2021-жылдын сентябрь айында кол салуусу учурунда өрттөлүп, анын кароолчусу мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз