Мигранттын көйгөйү: Кыргыз авиакомпаниялары баш тарткан маркумдун сөөгү, ипотека тузагы

Мигранттын көйгөйү: Кыргыз авиакомпаниялары баш тарткан маркумдун сөөгү, ипотека тузагы

Россиядагы эмгек мигранттарынын эң көп бөлүгү жашаган Москва аймагында кыргыз диаспорасы жана бир нече коомдук уюмдар иш жүргүзгөнүнө карабай, көптөгөн көйгөйлөр чечилбеген бойдон калууда. Ал маселелер ноябрь айында Бишкекте өткөн “Мекендештер” форумунда көтөрүлгөнү менен бийлик өкүлдөрү тарабынан так жооп болгон жок.

Өз мекендештерине тузак жайган шылуундар, сөөктү жөнөтүүдөгү кыйынчылыктар жана диаспоранын биримдиги тууралуу Москва шаары жана Москва облусу боюнча кыргыз диаспорасынын лидери Улан Кошматов Reporter.kg’ге айтып берди.

— Улан Россияда каза болгон мигранттын сөөгү эмне үчүн атамекендик авиакомпаниялар менен Кыргызстанга жөнөтүлбөйт?

 — Себеби биздин авиакомпаниялар алып кетишпейт. Мисалы, Кыргызстандын “Авиа Траффик” компаниясы  белгисиз себептерден улам баш тартып келет. Ал күнүнө төрт рейстен “Москва-Ош”, “Москва – Бишкек” каттамы менен тынбай учуп турат.

Биз Министрлер кабинетинен  ушул авиакомпания менен сүйлөшүп, маркумдун сөөгүн акысыз алып кетүүсүнө жол ачып беришин суранабыз.

Учурда “Жүк-200дү” Россиянын “Аэрофлот” жана “Урал” авиакомпаниясы менен жөнөтүп жатабыз. Ритуалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелер бул авиакомпаниялар менен келишим түзүшкөн.

Тажик мигранттарынын сөөгүн “Сомон эйр” мамлекеттик авиакомпаниясы бекер эле алып кетет.

Эгер биздин авиакомпаниялардын алып кетүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, анда мамлекет тарабынан “Жүк-200” үчүн берилген акчанын суммасын 70 миң сомдон 100  миң сомго көтөрүп берсин. Анткени ошондо гана баардык  чыгымдар жабылып,  маркумдун туугандары эч кимден жалдырап акча сурабай калат.

 — Маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү үчүн жалпы канча сом коротулат?

— Өлүкканага 38 миң -42 миң рубль төлөнөт . Ритуалдык кызматтын акысы — 48 миң рубль. Алар маркумдун сөөгүн өлүкканадан баштап, кепинге ороп, табытка салып, машина менен аэропортко жеткирип, кыскасы Кыргызстанга жеткенге чейин жооп беришет. Элчилик алар менен келишим түзгөндүктөн баасы арзанырак.

Айрымдар аны билбей эле башка ритуалдык уюмдарга кайрылып, 120 миң сомго чейин короткон учурлар болот. Жалпысынан 81 миң – 93 миң рубль коротулуп,  мамлекеттен берилген каражат жетпей калып жатат.

Учурда акчаны мигранттар ортодо, же алардын коомдук уюмдары топтоп берип жатышат.

—  Мигранттар арасында кылмыштар, өз мекендештерин алдап кеткендер көбөйгөнү айтылат.

— Ооба, бул курч көйгөйлөрдүн бири. Башка кылмыштарды кое туруп, алдамчылыктын бир түрүнө токтотулуп кетейин.

Буга чейин документ жасоо, Россиянын жарандыгына байланыштуу алданып калгандар арбын болсо, азыр ипотекага турак жай сатып алууга  байланыштуу шылуундук күч алды.

Бизде Москва шаары боюнча мындай аферисттердин тизмеси да бар. Мисалы, Элнура деген айым үй алып берем деп элди 2-3 жылдан бери өз мекендештерип зар какшатып келет.

Ага акчасын берип коюп, көчөдө калган, инсульт алып майып болуп калган эжелер, ушунун айынан ажырашып кеткен үй-бүлөлөр бар.

Мындай  шылуундардын үстүнөн элчиликке, ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнө бир нече кайрылуу түшкөн, алар жакшы билишет.

Россиянын укук коргоо органдарына арыз жазылса дагы, негедир иш козгоодон баш тартып жатышат. Ошондуктан аларды өзүбүздүн укук коргоо органдары текшерип,  элден алдап алган каражаттарын кайтарып, Кыргызстанга алып барып, тартипке чакырбаса, бул жакта жазага тартылышы күмөн.

Алданып калган мигранттар өтө кейиштүү абалда. Андыктан министрлер кабинети аларды мамлекеттик ипотека боюнча тизмеге кошуп, Кыргызстандан үй беришин суранабыз.

 — Кыргыз диаспорасынын абалы, биримдиги кандай?

— Диаспоранын өзүнүн имараты болсо жакшы болот эле. Апаз Жумагулов элчи кезинде Москва шаарынан жер берилет деп айтылган, бирок андан дагы эле кабар жок. Эгер тилке бөлүнүп калса, Москвада аттуу-баштуу ишкер агаларыбыз бар,  алардын жардамы менен чогуу  имарат куруп алмакпыз. Ошондо уюштуруу жаатындагы көптөгөн көйгөйлөрүбүз чечилип калмак.

Анткени, жаштардын башын бириктирип, маданий жана спорттук иш-чара өткөрүү үчүн зал табуу жагынан кыйынчылыктар болуп калат. Москва шаарында залды ижарага алуу абдан кымбат.

Мисалы, ири кыргыз диаспоры ушул шаарда жайгашса дагы Эгемендүүлүк күнүн дагы алгылыктуу белгилебейбиз.  Кыргыздын улуттук баалуулугу болгон “Манас” эпосу менен сыймыктанып келебиз, бирок 4-декабрда, Манас күнүнө карата чоң программада жакшы иш-чара өткөрүлбөй келет.

Биз дагы башка улуттардын арасында жок дегенде жылына бир жолу Москва шаарында ( Кремль сарайында)  чон маданий иш-чара өткөрүп, өзүбүздүн маданиятыбызды, каада-салтыбызды, наркыбызды, үрп-адаттарыбызды көрсөтүп, башка элге таанылып, кадыр-баркыбызды бийик көрсөткүбүз келет.

Президент Садыр Жапаровго бир өтүнүчүбүз — бизге дагы  боз үй тартууласа. Белгилүү болгондой, Америкадагы кыргыз коомчулугуна кыргыз үй берилбеди беле, Москвадагы диаспорага дагы ушундай белек болуп калса, кубанычыбызга чек жок болмок.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>