Айтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылдыБишкектин окуучулары Кыргызстандан чыккан биринчи космонавт Салижан Шарипов менен жолугуштуБишкекте 6 күндөн бери изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылдыДүйнөгө мунай баасынын кескин секириги коркунуч туудурабы жана Борбордук Азия Ормуз кысыгын алмаштыра алабы — АбдыровБишкектин Түндүк айланма жолуна жаңы транспорттук түйүн курула баштады
Чек арадагы кайра курулган айылдын сүрөттөрү жарыяланды: Бейпил жана жарык
13.11.2023 | 11:48
Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдыкарим Алимбаев Ак-Сай айыл аймагына караштуу Капчыгай айылынын сүрөттөрүн жарыялады. Аймак жетекчиси айыл толугу менен кайра курулуп бүткөнүн белгилейт.
“Азыр Капчыгай башка. Жаңы үйлөрдү, жаңы тосмолору, асфальт жолдорду, тратуарларды көрүп жүрөгүң жылыйт. Айылга киргениңде тыптынч, эл өз тиричилиги менен алек. Көчөлөрү түнү күндүзгүдөй жарык”, – дейт ал.
[image_carousel source=”media: 201131,201132,201133″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Эскерте кетсек, Капчыгай айылындагы үй, мектеп жана башка социалдык имараттар 2022-жылы Тажикстандын кол салуусунда катуу жабыркаган. 77 турак жай толугу менен күйүп кеткен. Жалпысынан аймакта 400дөш ашык үй бузулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом