Таштандынан табылган ымыркайдын өмүрүнө кол салууга шектелген эне 2 айга камалды

Таштандынан табылган ымыркайдын өмүрүнө кол салууга шектелген эне 2 айга камалды

Жаңы төрөлгөн ымыркайын таштанды челекке таштап кеткен деп шектелип кармалган 21 жаштагы эне 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 21 жаштаны А.С.тин бөгөт чарасы 12-ноябрда Октябрь райондук сотунда каралып, жаш эне 2023-жылдын 11-январына чейин камакка алынган. Ал тергөө иштери жүргөн учурда №1 тергөө абагында камакта болот.

Эскерте кетсек, бөбөк Бишкектин Октябрь районунун Элебаев көчөсүндөгү таштанды челектен 8-ноябрь түнү табылган. Ымыркай №1 төрөт үйүнө жеткирилген. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бөбөктүн абалы туруктуу, эркек баланын салмагы 2 кг 210 грамм болуп төрөлгөн.

Кийинчерээк баланы таштанды челекке таштап кеткен делип 21 жаштагы эне кармалган. Ага карата өз баласынын өмүрүнө кол салуу аракети айыбы менен иш козголгон.

Таштандыдан табылган ымыркайдын энеси кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>