Чек арадагы жаңжалда Кыргызстандын үч аскер кызматкери өлдү

Чек арадагы жаңжалда Кыргызстандын үч аскер кызматкери өлдү

29-апрелде тажик тарап менен болгон кагылышуу учурунда «Бөрү» чек ара кызматынын атайын багыттагы бөлүгүнүн үч аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдирди.

Мындан тышкары, 22 аскер кызматкери ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Эки аскер кызматкеринин абалы оор деп бааланууда.

Каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтат.

УКМК чек арадагы жаңжалды тажик тараптын чагымчылдыгы деп белгиледи. 29-апрелде тажик аскерлери Кыргызстандын чек ара заставаларына топтук курал менен ок чыгарышкан. Ми-24 тик учагында алар Баткен районунун Төрт-Көчө жана Чир-Дөбө аймактарын аткылашкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>