Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган адам кармалды

Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган адам кармалды

Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-апрелде Чүй облусунда чек арачылар мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп бара жаткан адамды кармашкан. Ал Кыргызстандан Казакстанды көздөй бара жаткан.

Тактоо иштеринин жүрүшүндө ал адамдын, 1981-жылы төрөлгөн Ж.Т. аттуу кыргыз жараны экени белгилүү болгон. Ал Казакстанга иш издеп бара жаткам деп түшүндүрмө берген.

Иш иликтөө үчүн тийиштүү кызматтарга өткөрүлүп берилген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>