Чек араны чечүү өзгөчө көзөмөлдө. Боронов Кадамжайда эл менен жолукту

Чек араны чечүү өзгөчө көзөмөлдө. Боронов Кадамжайда эл менен жолукту

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кадамжай районунун чектеш айылдарынын жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Жолугушууда жергиликтүү тургундар кечээ коңшу өлкөнүн жарандары менен болуп өткөн чыр-чатакка байланыштуу актуалдуу маселелерди козгошту.

Кубатбек Боронов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен болуп өткөн сүйлөшүүлөр жана жетишилген макулдашуулар тууралуу айтып берген.

Биринчи вице-премьер-министр чек ара маселелерин чечүү өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө экенин белгилеп, тургундарындын кайрылуусу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлө тургандыгын айткан.

Баткен облусунун жашоочулары биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов алар менен жолугушпай кеткенине нааразы болушту. Бул тууралуу видео

Буга чейин Кубатбек Боронов эл менен жолугушпай койду деп жергиликтүү элдин нааразы болгон видеосу телеграмдагы «Сейчас.kg» каналына жарыяланган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>