Чет элдик мигранттарды КРга мыйзамсыз ташыган компаниялар бар

Чет элдик мигранттарды КРга мыйзамсыз ташыган компаниялар бар

Чет элдик мигранттарды Кыргызстанга мыйзамсыз ташыган компаниялар бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясынын жыйынында Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда  5 миң 322 чет элдик гана мыйзамдуу иштейт. Калганы мыйзамсыз жол менен келип, иштеп жүрүшөт.

«Алар мыйзамсыз миграциялык трафиктин курмандыктары. Мындай компаниялардын айынан көптөр жабыркап жатат. Компаниялар бизден квота, виза алып, медициналык карталарды ачып туруп мигранттарды алып келиш керек. Бирок ал жолдорду аткарбай жатышат. Ага бизде мыйзамсыз миграция үчүн айыппулдун төмөндүгү дагы себеп болууда. Себеби, кээ бир юристтер 20 миң сом төлөп расмий каттоого тургандын ордуна, мыйзамсыз жүрүп, чыгып кетип жатканда 5,5 миң сомду төлөп коюуну туура көрүшөт», — дейт Бакыт Дарманкул уулу.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев мыйзамсыз миграция үчүн айыппулдун көлөмүн 5 миң 500 сомдон 20 миң сомго чейин көтөрүү сунушталып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда иштеген чет элдиктер үчүн жумуш визасы 20 -50 миң сомду түзөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: миграция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>