Бишкек абанын булганышы боюнча 13-орунду ээледиКышкы каникул расмий түрдө 12-январга чейин узартылдыПрезидент эмдиги жылы апрелден тарта айлык акылар көбөйтүлөрүн айттыСаламаттык сактоо министрлиги бейтапканалардагы узун кезектин себебин түшүндүрдүЕАЭБ менен Индонезия эркин соода жөнүндө келишимге кол коюштуАрашан айылынын информатика мугалими балдарды санариптик келечекке кантип даярдап жатат
Чет элдик номурлуу автоунааларды 15-марттан тарта каттоо сунушталды
07.03.2025 | 16:42
Чет өлкөлөрдөн ташып келинген жана мамлекеттик каттодон өтпөгөн автоунааларды 2025-жылдын 15-мартынан баштап 15-сентябрга чейин убактылуу мыйзамдаштыруу тартиби сунушталды. Токтом долбоор коомдук талкууга коюлду.
Аны Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик иштеп чыккан.
Токтом долбоор өлкөгө 2024-жылдын 31-декабрына чейин кирген унааларга гана тиешелүү. Каттоо үчүн 100 миң сом өлчөмүндө жыйым каралган. Ошондой эле мыйзамдаштырылган автоунааларга регион графасында «10» коду менен Кыргызстандын мамлекеттик каттоо номери берилет.
Токтом долбоору төмөнкү көйгөйлөрдү чечүү максатында иштелип чыккан:
- каттоосу жок автоунааларды эсепке алуу мүмкүн эмес;
- салыктарды жана жыйымдарды төлөөдөн бюджетке түшкөн каражаттар төмөн;
- каттоосу жок автоунааларды укукка каршы пайдалануу тобокели;
- жол кыймылынын жана коопсуздуктун эрежелерин бузуу ыктымалы.
Токтом долбоорго ылайык, төмөнкү учурларда автоунааларды мыйзамдаштырууга болбойт:
- автоунаа издөөдө жүргөн болсо;
- 2024-жылдын 31-декабрынан кийин ташып киргизилсе;
- автоунаада чет мамлекеттин мамлекеттик каттоочу номердик белгилери жок болсо.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом