Чет элдик номурлуу автоунааларды мыйзамдаштыруунун төлөмү азайды

15.04.2025 | 11:01

Министрлер кабинети чет элдик номурлуу автоунааларды мыйзамдаштыруунун убактылуу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди. Токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду.

Ага ылайык, кыймылдаткычынын көлөмү 2 миң куб. см чейинки унааларды мыйзамдаштыруу үчүн 50 миң сом төлөнөт. Ал эми көлөмү 2 миң куб. см жогору болгон унаалардын ээси 100 миң сом төлөшү керек.

Мындан тышкары  автоматташтырылган маалыматтык системада автоунаанын чек арадан өткөнү тууралуу маалымат жок болсо, автоунаа 2024-жылдын 30-декабрында өткөн деп эсептелет.

Эске салсак, ушул жылдын 1-апрелден тарта чет өлкөлөрдөн ташып келинген жана мамлекеттик каттодон өтпөгөн автоунааларды мыйзамдаштыруу башталган.

https://reporter.kg/chet-eldik-nomurluu-avtounaalardy-kattoo-1-aprelden-bashtalat/

Scroll to Top