Быйыл Кыргызстан 6 азык-түлүк менен өзүн-өзү толук камсыздай алдыУКМКнын жетекчиси Камчы Көлбаев министрлердин бирин видео чалуу аркылуу коркутканын билдирдиКара-Сууда 589 жаранга жер тилкелери мыйзамсыз берилгени аныкталдыТүштүк Кореяда Дональд Трамп менен Си Цзиньпин жолуктуЖМКларда Шайлообек Атазовдун үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнү айтылууда. ИИМ бул маалыматты төгүндөдүБишкекте Орто-Сай айылы менен Көк-Жар конушун бириктире турган жол салынат
“Чет өлкөдөн вич, кургак учук жугузуп келип жатышат”. Депутат көзөмөл талап кылды (видео)
11.01.2024 | 11:14
Чет өлкөдөн кыргызстандыктар вич/СПИД, кургак учук илдеттери менен келип жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо билдирди.
Ал четтен келгендерди көзөмөлгө алууну сунуштады.
Эл өкүлүндө канча адам, кандай жугуштуу оору менен келгендиги тууралуу маалыматы бар. Ал аны Минкабка өткөрүп берерин билдирди.
“Чет өлкөдөн жугуштуу ооруларды алып жүрүүчү жарандарыбыз келип жатыптыр. Алар кургак учук, вич илдети менен ооруйт. Жергиликтүү органдар аларды дароо каттоого алышы керек. Мына менде канча адам, Каяктан келгендиги тууралуу маалымат бар”, – дейт эл өкүлү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом