Мүлккө салык төлөнгөндүгү боюнча квитанцияны талап кылуу мыйзамсыз

Мүлккө салык төлөнгөндүгү боюнча квитанцияны талап кылуу мыйзамсыз

Транспортту каттоодон “Унаа” мекемеси мыйзамсыз түрдө салык төлөнгөндүгү боюнча квитанция талап кылып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков билдирди.

Ал мамлекеттик мекеме бул кадамы менен Салык кодексин бузуп жатканын айтты.

“Салык Кодексининин 145-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык маалыматтык тутумдун жардамы менен мүлк салыгы боюнча салык карызынын бар же жок болуусу тууралуу маалымат алууга милдеттүү. Демек квитанцияны сурабай, өздөрү санариптештирүүнү жардамы менен маалыматты тактап алышы керек. Ага карабай азыр жарандарды топ тепкендей ары бери жөнөтүп жатышат”, — дейт депутат.

Белгилей кетсек, аталган кодекс боюнча мүлктү каттоодо мамлекеттик орган салыкка карызын төлөгөндүгү боюнча квитанцияны көрсөтүүнү талап кылуугу укуктуулугу белгиленет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>