«Чикаго — КРнын сегизинчи облусу». АКШнын авиакомпанияларына Бишкекке түз учуу сунушталды

«Чикаго — КРнын сегизинчи облусу». АКШнын авиакомпанияларына Бишкекке түз учуу сунушталды

Америка Кошмо Штатынын авиакомпанияларына Бишкекке жүргүнчү ташуу сунушталды. Бул тууралуу маалымат жыйында «Манас — эл аралык аэропорту» ААКсынын президентти Манасбек Самидинов билдирди.

Анын айтымында, түз аба каттамды Нью-Йорк же Чикаго шаары менен ачуу каралууда.

«Биз америкалык жүргүнчү ташуучуларга Бишкекке учууну сунуштап жатабыз. Анткени, биздин авиакомпаниялар кара тизмеде, узакка учуп жете да алышпайт», — дейт Манасбек Самидинов.

Ал АКШ менен түз каттам өзүн актарына ишенет.

«Ооба бул дымактуу бирок реалдуу план. Анткени АКШга багыт бизде азыр абдан актуалдуу. Негизи «Чикаго — Кыргызстандын сегизинчи облусу» деп дагы тамашалап жатпайбызбы», — дейт компаниянын жетекчиси.

Бишкектен Нью-Йорк же Чикагого түз аба каттамдын ачуу сүйлөшүлдү

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>