Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Чолпон-Атада 24 жаштагы жигиттин каза болушу. Саламаттык сактоо министрлиги комиссия түздү
19.08.2025 | 14:15

Чолпон-Атадагы пансионаттардын биринде 24 жаштагы жигит каза болгонуна байланыштуу маркумдун жакындары ага тийешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес жана дарыгерлер жабырлануучуну ооруканага жаткыруудан баш тартышканын деген доо койгон.
Мындан улам Саламаттык сактоо министрлиги анын өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн компетенттүү адистерден турган комиссия түзгөнүн билдирди.
Министрлик иштин жыйынтыгы менен кошумча маалымат берерин билдирди.
Эскерте кетсек, окуя 16-августта саат 10:25 чамасында Чолпон-Ата шаарында болгон. Маркум Бишкектен кесиптештери менен эс алууга келип, эс алуу жайдын аймагында белгисиз адамдар менен пикир келишпестиктен улам жаракат алып, каза болгон.
Рубрики: Жаңылыктар