Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны болот

Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны болот

9-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны болот. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тар жана кеңири курамда өтө турган жыйындын күн тартибине 15 маселе киргизилген. Анда Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин (ЕАЭБ) кызматташтыгы, бажы алымдарынын суммасын бөлүштүрүү, алкоголдук рынокту жөнгө салуу, өнөр жай комплекстерин өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат.

ЕАЭБ премьер-министрлеринин Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуусу күтүлөт.

Мындан тышкары жыйындын алкагында Өкмөт башчылардын эки жактуу жолугушуулары өтмөкчү.

ЕАЭБге Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>