Чолпон-Ата шаарында III Түрк Универсиадасы өтөт

18.08.2025 | 14:47
"Рух Ордо", комуз түрүндөгү пирс

3–9-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин студенттери арасында III Түрк Универсиадасы өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын футзал ассоцианиясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, спорттук иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Азербайжандын курамалары катышат.

Мелдеш спорттун жети түрү боюнча өтөт. Алар: шахмат, үстөл тенниси, волейбол, дзюдо, грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана футзал.

Футзал мелдештери айлампа система менен өтүп, эң көп упай топтогон команда жеңүүчү аталат. Беттештер «Газпром» спорткомплексинде өтөт.

“III Түрк Универсиадасы спорттун гана эмес, маданий баалуулуктардын да майрамы болуп саналат. Мелдештердин арасында ар кандай маданий жана таанышуу иш-чаралары уюштурулуп, жаштар ортосундагы достук мамилелер бекемделет”,- деп билдирди аталган ассоциация.

Scroll to Top