Чолпонбаев: Ноокатта коронавирусту жуктуруп алган үч адам башка каттам менен келген

Чолпонбаев: Ноокатта коронавирусту жуктуруп алган үч адам башка каттам менен келген

Ноокат районунда коронавирусту жуктуруп алгандыгы аныкталган  үч адам башка каттам менен келген.  Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта өтүп жаткан брифингде Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев айтты.

“Учурда биз Мамлекеттик чек ара кызматы жана “Манас” аэроптортуна билдирүү жибердик. Алар менен канча адам учуп келгенин тактаган соң маалымат беребиз”, — деди Чолпонбаев.

Кыргызстанда коронавирустун алгачкы учуру 18-мартта катталды. Ооруну жугузуп алганы аныкталган 3 адам Сузак районунун тургундары болгон. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келген. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>