Ишеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленетКыргызстанда шаурманын баасы кантип жана эмне үчүн айырмаланат?Кытай Кыргызстанда катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды өткөрүүнү сунуштадыКыргызстанда 4-апрель Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү деп белгиленди
Чоң-Алайда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй курулат
25.01.2023 | 10:05
Ош облусунун Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, үйлөр президент Садыр Жапаровдун демилгеси боюнча курулат.
“Курулуш иштерин быйыл май айында баштоо пландалууда. Бардык үйлөр жылуулук, электр энергиясы жана ыңгайлуу жашоо үчүн зарыл болгон башка нерселер менен камсыздалат.
Өлкө жетекчилиги Афганистандын Кичи жана Улуу Памиринин аймактарынан бардык этникалык кыргыздарды толугу менен көчүрүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатат – бул максаттар үчүн мамлекетте жетиштүү күч жана каражаттар бар”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом