Бишкекке Мирзиеев келет. Милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт

Бишкекке Мирзиеев келет. Милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип, расмий иш-чаралар өткөн күндөрү милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Мирзиеев Бишкекке 26-27-январда келет.

«Бул маанилүү иш-чараны өткөрүүгө байланыштуу, ички иштер министрлиги жогорку деңгээлде коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрөт. Азыркы учурда ички иштер органдарынын күчтөрү менен каражаттары эсептелип, милициянын кезметтеринин кайгулдоосунун посттору менен каттамдары аныкталды. Ички иштер органдары укук бузууларды эскертүүгө, кылмыштарга бөгөт коюуга жана аныктоого багытталган алдын алуу иш-чараларын жүргүзүшүүдө», — деп билдиришти министрликтен.

ИИМден белгилешкендей, расмий иш-чараны өткөрүү маалында коопсуздук жана коомдук тартип, жол кыймылынын коопсуздугу толук кандуу камсыздалат

«Ички иштер органдарынын өздүк курамы Бишкек шаарында жана Чүй облусунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Расмий жана салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлө турган жайлар өзгөчө көзөмөлгө алынат. Айрым унаа жолдоруна транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Буга байланыштуу, жарандарды көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>