Чоң-Алайда памирлик кыргыздарга 10 үй курулду. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттиги билдирди.
Ага бюджеттен 82,9 млн сом бөлүнгөн. Курулуш-монтаждоо иштери “Олимп и Ко” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Ар бир үйдүн аянты 180 чарчы метрди түзөт, 6 бөлмөлүү.
Бүгүнкү күндө турак үйлөрдүн курулуш жумуштары 95 пайызга бүткөрүлүп, учурда сырткы ажатканалардын курулушу уланууда.