ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Чоң чүй каналына бир унаа кирип кетти
01.11.2021 | 09:34
Ысык-Ата районунун Люксембург айылындагы Чоң чүй каналына унаа кирип кетти. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 31-октябрда түнкү саат 23:50 чамасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Ысык-Ата районунун Люксембург айылында Чоң чүй каналына унаа кирип кетти деген чакырык түшөт. Кызматкерлер жерине барышканда Фольксваген пассат үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай сууга кирип кеткенин көрүшкөн. Жыйынтыгында унааны сүйрөтүп чыгышкан. Бактыга жараша унаадагы эки киши жабыркаган эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом