Москвада чиркөөнүн фонунда сүрөткө түшкөн тажик блогери 10 айга камалды

Москвада чиркөөнүн фонунда сүрөткө түшкөн тажик блогери 10 айга камалды

Москва соту Кызыл аянттагы Василий Блаженный чиркөөсүнүн фонунда фотосессия уюштурган тажикстандык блогер Руслан Бобиев менен модель Анастасия Чистованы 10 айга эркинен ажыратты. Алар жарандардын диний сезимдерин кемсинтүүгө күнөөлүү деп табылышты.

Сентябрдын аягында Руслан Бобиев (чыныгы аты Руслани Талабжон) Василий Блаженный чиркөөсүнүн фонунда модель Анастасия Чистова менен түшкөн сүрөтүн Инстаграм баракчасына жарыялаган. Анда Чистова «полиция» деп жазылган куртка кийип, Бобиевдин жанында оралдык сексти имитация кылып тизелеп турганы тартылган.

Бул окуядан кийин Орусиянын Ички иштер министрлиги Бобиев сүрөттөрү үчүн кечирим сураган видеону жарыялаган. «Мен чиркөөнүн жанында сүрөткө түшкөм. Мындан ары мындай кылбайм, сөз берем. Чын жүрөктөн кечирим сурайм», – деген ал.

Алгач блогер менен модель кыз кармоо маалында полиция кызматкерлерине баш ийген эмес деген айып менен 10 суткага камакка алынган. Мындан тышкары сот Бобиевди Орусиядан депортациялоо чечимин чыгарган.

Соттун билдирүүсүндө Чистова менен Бобиев «коомго карата сыйлабастык көрсөтүп, жарандардын диний сезимдерин кемсинткен аракеттерге барган» деп жазылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>