Ооганстан менен Пакистандын чек арасында куралдуу кагылышуу болдуПрезидент парламенттик шайлоодо миң үгүтчү жалдоого уруксат берүү маселеси боюнча пикирин айттыКытайлык көз дарыгерлери Кыргызстандын түштүгүндө акысыз операцияларды жасашатКыргызстанда дагы бир бөйрөк трансплантациясы ийгиликтүү жүргүзүлдүКыргызстанда жеке ишкер катары кантип катталса болот? Жол-жобосуКөчөдөн 14 жаштагы кызга кол салып, муунткан. Шектүү кармалды
Чоң Чүй каналына түшүп кеткен жарандын сөөгү табылды
23.01.2023 | 12:58
Чоң Чүй каналынан изделип жаткан жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 34 жаштагы жаран 19-январдан бери ЧЧКда изделип жаткан. Бүгүн Чүйдүн Аламүдүн районунун Алма-Ата көчөсүндө Чоң Чүй каналында белгисиз жарандын сөөгү суу тосмосунда жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине №1 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, жансыз денени суудан чыгарып беришкен. Аталган жаран буга чейин ЧЧКда изделип жаткан 1989-жылы туулган А.К. аттуу эркек жаран экендиги аныкталды.
Эске салсак, жогорудагы аталган жаран 19-январдан бери ӨКМдин куткаруучу, суучулдары тарабынан Чоң Чүй каналынан изделип жаткан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом