Илимий даража үчүн ай сайын төлөнүүчү акча 50 пайызга көбөйдү

Илимий даража үчүн ай сайын төлөнүүчү акча 50 пайызга көбөйдү

Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында илимий чөйрөнү жана илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө материалдык колдоо көрсөтүү максатында илимий даражасы үчүн белгиленген үстөктү 50 пайызга жогорулатуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2023-жылдын 1-январынан тартып илимий, педагогикалык кызматкерлерге, профессордук-окутуучулук курамга, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлерине негизги иштеген жери боюнча эмгек акысына ар айлык үстөктөр төмөнкүдөй белгиленет:

– илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн – 2700 сом өлчөмүндө;

– илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы үчүн – 1350 сом өлчөмүндө.

Мындай чечим министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында өткөн Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Белгилей кетсек, буга чейин илим докторлоруна – 1800 сом, илимдин кандидаттарына – 900 сом өлчөмүндө кошумча төлөмдөр белгиленген.

Кыргызстанда 1179 илимдин доктору жана 5 миң 323 илимдин кандидаты аттестациядан өткөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>