БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Чөнтөк уурулукка жол жок! Бишкекте милиция алдын алуу иш-чарасын жүргүзүүдө
20.12.2023 | 18:06
Бишкектин Ленин райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан “Чөнтөк уурулукка жол жок!” аттуу профилактикалык иш-чара жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган райондук милициядан билдиришти.
Бул иш-чара 11-30-декабрга чейин шаардагы коомдук жайларда жана кичи автобустарда чөнтөк уурулук фактыларынын көбөйүшүнө байланыштуу өткөрүлүүдө. Милиция кызматкерлери жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жөнөкөй коопсуздук эрежелерин сактоону суранууда.
Милиция чөнтөкчүлөргө баалуу буюмун, акчасын уурдаткан же уурулукка күбө болгон жарандарды 0 (312) 352-947 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом