Ысык-Көлдүн тургуну үйүндө багып жүргөн карышкыр зоопаркка өттү

Ысык-Көлдүн тургуну үйүндө багып жүргөн карышкыр зоопаркка өттү

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургун карышкыр багып жүргөн. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлерине Ак-Суу районунда жергиликтүү тургун үйүндө карышкыр кармап жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган маалыматты текшерүү учурунда, милиция кызматкерлери тарабынан жарандын өздүгү жана жашаган жери аныкталган. Ал Челпек айылынын 29 жаштагы тургуну А.Э. экендиги такталып, анын короосунан беш айлык карышкырдын бөлтүрүгү табылган. Жырткыч Каракол шаарынын зоопаркына өткөрүлүп берилди.

Бул факты Ак-Суу районунун ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, жапайы жаныбардын жергиликтүү тургундун үйүндө кандай пайда болгондугу такталууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>