Айдоочулук күбөлүк алып берем деп, алдап кеткен. Бишкекте шектүү жаран кармалды«Ош ТВ» муниципалдык мекемесинин директору алмаштыУКМК: Жалал-Абадда «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун лидери кармалдыКытайдын элчиси кыргыз-кытай кызматташуусунун «алтын доору» башталганын билдирдиКыргызстанда порнографиялык контентти камтыган сайттарды бөгөттөө тартиби бекитилдиКыргызстан авиациялык эрежелерди ИКАОнун ченемдерине шайкеш келтирүүдө
Чукул кабар! Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн
16.12.2025 | 15:37

17-декабрдан 19-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Ошондой эле жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Төмөнкү унаа жол тилкелерине кар көчкү түшүү коркунучу бар:
- Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;
- Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусу;
- Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында,
- Мырзаке-Кара – Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-110 чакырымдарында,
- Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда,
- Балыкчы-Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун Көк-Арт ашуусунда.
ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом