Таласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелетКыргызстанга Орусиянын алдыңкы ЖМК өкүлдөрүнөн турган делегация келдиСалыктык түшүүлөр 5,5 жылда мурдагы 30 жылдагы көлөмдөн аштыСаламаттык сактоо министрлиги: жарым жылда саламаттык сактоого 30,4 млрд сом бөлүндү
Мисирде Кыргызстандын элчилиги ачылат. Президент жарлыкка кол койду
16.12.2025 | 16:16

Өлкө башчы Садыр Жапаров Мисирде Кыргызстандын элчилигин уюштуруу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, элчилик Мисирдин борбору Каир шаарына ачылат. Ал аталган өлкө менен саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында түзүлүүдө.
Элчилик Мисирдин аймагында жана Түндүк Африканын чектеш өлкөлөрүндө жүргөн 3 миңге жакын Кыргызстандын жарандарына консулдук кызмат көрсөтүүнү камсыз кылат.
Эске салсак, ушул жылдын 4-5-ноябрында Садыр Жапаров Мисир Араб Республикасына расмий сапар менен барган. Анын алкагында кыргыз-мисир кызматташуусун арттырууга багытталган 8 эки тараптуу документке кол коюлган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат