Чүйдө айыл чарба жерлерин мыйзамсыз сатууга байланыштуу экс жана учурдагы депутаттар кармалды
Чүй облусунун Аламүдүн районунда айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз бөлүштүрүп, сатууга шектелип айылдык кеңештин мурдагы жана учурдагы депутаттар кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, Васильевка айылынын №578, 569, 580 контурларында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө айдоо жана жайыт жерлерге мыйзамсыз курулуштар салынганы аныкталган.
Тергөө учурунда айрым депутаттар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тиешелүү документтерди мыйзамсыз даярдап, айыл чарба багытындагы жерлерге курулуш жүргүзүүгө уруксат берип келгендиги белгилүү болгон.
Аталган факт боюнча айылдык кеңештин мурдагы жана учурдагы эки депутаты кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
“Учурда бул кылмыш ишине тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо жана тергөө иштери активдүү улантылууда”,-деп айтылат маалыматта.