Чүйдө мал уурулукка шектелип жаш жигиттер кармалды

Чүй облусунда мал уурулукка шектелип, 18 жана 19 жаштардагы жигиттер кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-ноябрдын түнүндө белгисиз адамдар Чүйдүн Кош-Коргон айылындагы жеке турак үйгө кирип, мал сарайдан музоо уурдап кетишкен. Жабырлануучу 35 миң сом материалдык зыян тарткан.
Бул окуя боюнча «Мал уурулук» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөөнүн жыйынтыгында бул кылмышка шектелип 18 жаштагы И.Ш., 19 жаштагы А.А. жана 18 жаштагы А.З. аныкталган.
Тергөөдө шектүүлөр уурдалган музоону сатып жибергени белгилүү болгон. Музоо сатып алгандардан алынып, жабырлануучуга кайтарылып берилген.
Ал эми шектүүлөр: И.Ш. жана А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланууда.