Чүйдө жардыргыч материалдарды чыгарган ишкана ишке кирди

Чүй облусунун Кемин районунда тоо-кен өнөр жайында жана шахталарда жардыруу иштерин жүргүзүүгө колдонулуучу жардыргыч материалдарды чыгарган “Учкун ВМ” ишканасы ишке кирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ишкананын курулушуна 700 млн сом инвестиция сарпталган. Аны ишке киргизүү менен бул тармактагы адистер үчүн 100дөн ашык жумуш оруну түзүлгөн.
Бүгүн, 5-сентябрда, МинКаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев аталган ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып, мындай ишкана ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүдө стратегиялык кадам экенин билдирген.
“Жардыргыч заттар — тоо-кен өнөр жайында, ошондой эле жер астындагы жана ачык шахталарда жардыруу иштерин жүргүзүү үчүн колдонулат. Ошондой эле автожол курууда, ирригация тармактарында колдонулат. Чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн алдыңкы технологиялары менен курулган ишкананын келечеги жакшы болот деп ишенем”,- деп билдирген Бакыт Төрөбаев.