Клара Сооронкулова президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиӨкмөттө үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу чаралары талкууландыКР Кытай жана БА менен биргелешкен курулушка кызыкдар — ЖапаровКыргызстанда кубаттуулугу 15 МВт болгон суу үстүндөгү күн электр станциясы курулатОш мамлекеттик университетинин окутуучусу Кытайдын институтунда сабак берүүдөОнлайн-платформалар жана бош убакытты уюштуруунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү
КМШда чегирткеге каршы күрөшүү боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоору иштелип чыкты
05.09.2025 | 11:51

Казакстанда КМШга мүчө мамлекеттердин чегирткеге каршы күрөшүү боюнча кызматташтык тууралуу макулдашуунун долбоору боюнча коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу КМШнын аткаруу комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, документтин демилгечиси Казакстандын Айыл чарба министрлиги болгон.
Маалым кат-негиздемеге ылайык, макулдашуунун негизги максаты — айыл чарба өсүмдүктөрүнө келүүчү зыяндын тобокелдигин минималдаштыруу.
Долбоор улуттук уюмдардын фитомониторинг жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча биргелешкен аракеттерин түзүүнү карайт, бул чегирткелердин жайылыш очокторун өз убагында аныктоого жана профилактикалык жана жоюу чараларын оперативдүү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат