Чүйдө жасалма айдоочулук күбөлүк колдонгон жаран кармалды

Чүйдө жасалма айдоочулук күбөлүк колдонгон деген айып менен 31 жаштагы кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору “KIA Optima” үлгүсүндөгү унааны токтотуп, текшерүү учурунда Х.Ш. аттуу айдоочунун айдоочулук күбөлүгү жасалма экендиги шек жараткан.
Бул факт боюнча дайындалган соттук-техникалык экспертизанын корутундусуна ылайык, берилген айдоочулук күбөлүк капелдүү-струйный принтер менен басылгандыгы аныкталган. Ошондой эле документтин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин расмий бланктарын даярдоо ыкмасына туура келбестиги далилденген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Документтердин жасалмасын жасоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери улантылууда.