Чүй облусунда тоолорунун биринде дайынсыз болуп жоголуп кеткен киши табылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Аламүдүн капчыгыйында 31 жаштагы А.У. тоодон дайынсыз жоголгон. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу тартылып, аталган жаранды табышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.