Казакстан: Мурдагы Коргоо министр Бектанов чыккынчылыкка айыпталууда

Казакстан: Мурдагы Коргоо министр Бектанов чыккынчылыкка айыпталууда

Казакстандын мурдагы коргоо министри Мурат Бектановдун камалышы боюнча жаңы маалыматтар чыкты. Бул тууралуу ZTB.kz басылмасы жазып чыкты.

Мурат Бектанов мамлекетке чыккынчылык кылды деп айыпталууда. ZTB.kz булагы билдиргендей, экс-коргоо министри январдагы тополоңдо тополоңчуларга жардам берген.

«Тактап айтканда, Бектанов башында турган Коргоо министрлигинин жетекчилиги каргашалуу январь айынын бир нече күнүндө стратегиялык объектилерди өз убагында коргоону камсыздаган эмес. Ошондон улам милиция менен Улуттук гвардия кырдаалды көзөмөлдөй албай калган. Чындыгында Коргоо министринин аракети тополоңчулардын артында тургандардын колуна тийген. Ошондуктан ЖККУнун күчтөрүнөн жардам алуу чечими кабыл алынды. Эң негизгиси, бизде болгон маалыматтарга караганда, айрым жарандардын өлүмү так аскерлердин жоопкерчилик зонасында катталган, бул дагы аскер департаментинин мурдагы жетекчилиги кетирген катачылыктардан кабар берет», — деп белгилейт басылма.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>