Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бала бакчанын курулушу башталдыБорбор калаанын базарларында жана дүкөндөрүндө жумуртканын баасы орточо эсеп менен бир даанасына үч сомго чейин арзандадыКыргызстанда 430 миңге жакын адам вирустук гепатит менен жашайтДүйнө глобалдык экономикалык кризистин босогосунда турат жана Кыргызстандын ШКУдагы ролу азыр өтө маанилүү — экспертИИМ Тай-Мурас Ташиевге карата кылмыш ишин козгодуОштогу бүтпөй калган курулуш объектилерин Курулуш министрлиги аягына чыгарат
Чүй каналынын жээгинен кийими табылган 9-10 жаштагы бала изделүүдө
28.05.2024 | 11:21
Чоң Чүй каналынын Исанов көчөсү менен кесилишкен жээгинен 9-10 жаштагы балага ылайык болгон кийим жана бут кийимдер табылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Милиция каналдын жээгин карап чыгып, андан башка эч бир белги тапкан эмес. Учурда баланын өзүн издөөдө.
Суу боюнан кара түстөгү шым, ак футболка, рюгзак жана 32-ченемдеги бут кийим табылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом