Быйыл январь айында Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылындагы үйлөрдүн биринен сыналгы уурдап кеткен киши кармалды. Бул туурасында Чүй облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, кармалган киши мурда соттолгон 26 жаштагы Э.С болуп чыкты. Чүй облусунун тургуну.
Кылмышка шектүү мындан башка да ушуга окшош 4 ишке шектелүүдө. Ал учурда убактылуу кармоочу жайга камалды.