Алай: Көмүр казууга каршы болгондор митингге чыгышты

Алай: Көмүр казууга каршы болгондор митингге чыгышты

Ош облусунун Алай районундагы Согонду айылында көмүр кенин казууга каршы болгон эки жүздөй адам нааразычылык акциясын өткөрдү. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Чогулгандар айылдан 2500 метр аралыктагы Тайгак-Таш аймагынан көмүр казууга каршы. Алар кен иштетүүнү максат кылган компания кайра изилдөө иштерин баштаганын айтып, эгер көмүр казылып баштаса экология бузулуп, таза суу булганышы мүмкүн экенин билдирүүдө.

Нааразы болгондор менен Алай районунун акиминин орун басары Шерикбай Жапанов жолуккан.

Согонду айылынын башчысы Кылыч Мусаев кен казууга соңку эки жылдан бери элдин көбү каршылык билдирип жатканын айтты.

Согонду айылдык кеңешинин төрагасы Таалай Орозали уулунун айтымында, көмүр казыла турчу тилке калк жашаган айылдарга жакын тургандыктан, аны ташыган жүк машинелер айылда тыгын жаратып, экологияны бузат деп чочулап жатат.

«Бикипинг» жоопкерчилиги чектелген коому кенди чалгындоого үч жылдык мөөнөт менен 2017-жылдын декабрь айында уруксат алган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>