1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана өздүк курамы балдар интернатына барышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, милиция кызматкерлери Жаңы-Жол айылындагы жетим балдар үчүн мектеп-интернатына барып, тарбиялануучулардан кабар алган.
«Милиция кызматкерлери балдарды майрамы менен куттуктап, таттууларды белек кылды. Андан сырткары, акчалай жардам көрсөтүп, спорттук жабдыктарды беришти», — деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз