Чүйдө жаш эне ымыркайын 100 миң сомго, iPhone 12 Proго сатып жиберген

Чүйдө жаш эне ымыркайын 100 миң сомго, iPhone 12 Proго сатып жиберген

Милиция бала сатууга байланыштуу кылмыштын бетин ачты.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 2-июнда билдиргендей, Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө 25 жаштагы кыз төрөлө элек баласын саткысы келип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси («Балдарды сатуу») менен каттоого алынган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 8 айлык боюнда бар 1998-жылы туулган С.З., 1996-жылы туулган Б.Ф. менен макулдашып, ымыркайды 100 000 сомго, «Айфон 12Про» үлгүсүндөгү телефонго жана Орусияга авиа билетине сатып жибергени белгилүү болгон.

Андан кийин «сатып алуучу» Ысык-Ата районунун жалпы дарыгерлик практика борборунун М.А. аттуу кызматкери менен макулдашып, анын атына жалган документ жасашкан. 20-майда райондук оорукананын төрөт үйүнө кош бойлуу аял кирип, «сатып алуучунун» аты менен кыз төрөгөн.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жана Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери бардык шектүүлөрдү милицияга алып келишкен. Ымыркйдын апасынан iPhone телефону алынган.

Кылмыш ишин сотко өткөрүү маселеси чечилүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>