БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Чүй проспектиндеги чоң курулушка байланыштуу автобустардын каттамдары өзгөртүлөт
07.05.2025 | 15:49
9-май саат 22:00дөн тарта Чүй проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн толугу менен жабылып, аталган көчөлөр менен жүргөн автобустардын каттамдары өзгөртүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы кабарлады.
Көчөлөр Бишкекте Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде жер алдындагы өтмөк жана унаа токтотуучу жай куруу боюнча ири долбоорго байланыштуу жабылууда.
- Ж. Абдрахманов жана Ибраимов көчөлөрү кесилишкен бөлүгүндөгү №7, 34, 38, 166-маршруттук каттамдар Жумабек көчөсүнө багытталат.
- Ал эми №5, 11, 16, 21, 25, 36, 50, 104, 129, 135, 152, 169, 216, 222, 227 жана 254-маршруттук каттамдар убактылуу Киев көчөсү аркылуу өткөрүлөт.
Мэрия тыгынды азайтуу үчүн светофордун цикли да транспортко туураланарын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом