Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Чүйдө 69 жаштагы тууганын өлтүрүүгө шектүү кармалды
13.05.2023 | 12:47
Чүй облусунда тууганын өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 11-майда милицияга Петровка айылында өз үйүндө 69 жаштагы Д.А. аттуу жарандын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Ал киши колдуу болгон.
Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары маркумдун 40 жаштагы Ч.М. аттуу тууганы кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Белгилүү болгондой, маркум менен шектүү ичимдик ичип отуруп, уруша кеткен. Шектүү эски таарынычтарын эстеп, өзүнүн тууганын өлтүргөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз