Урмат Самаев Токмоктун мэри кызматынан бошотулду

Урмат Самаев Токмоктун мэри кызматынан бошотулду

Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул  тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Самаев берген арызына ылайык кызматынан бошотулган. Документке президент Садыр Жапаров кол койгон.

Президенттин башка чечими менен Максат Нусувалиев Токмок шаарынын мэри болуп дайындалды.

Максат Нусувалиев

Эскерте кетсек, Урмат Самаев 17-апрелде УКМК тарабынан кармалган. Анын кармалышы «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасындагы коррупциялык схемага байланыштуу болгону кабарланган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон. 19-апрелде Самаев 1-июнга чейин камакка алынган.

Бирок 29-апрелде ал үй камагына чыгарылган. Белгилүү болгондой, Самаев мамлекеттин эсебине 25 млн сом төккөн. Аны менен бирге кызматын тапшыра турган болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>