Чүй облусунун Москва районунда жайгашкан №45 мекеменин администрациясы айыл чарба иштерин ийгиликтүү жүргүзүп келет.
Маалыматка караганда, 3 гектар аянттагы №8 колониядан өткөрүлүп берилген чарбалык участокто өндүрүштүк план боюнча 4 тонналык жаздык арпанын түшүмү жыйналды.
Аталган мекеменин башчысы, майор Т.Каныметовдун айтымында, ижарага алынган 2 гектар жерге сабиз өстүрүлгөн. Учурда отоо чөптөрдөн арылтуу иштери жүргүзүлүп, экинчи сугарууну жүргүзүштү.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда