Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Чүйдө аял менен эркек каналга чөгүп кетти, бири изделүүдө
16.06.2022 | 09:50
Чүй облусунда эки адам сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 12-июнь күнү Чоң Чүй каналына 1985-жылы туулган И.Е аттуу аял киши чөгүп кеткен. 15-июнь күнү жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 8 куткаруучу тартылып, саат 18:40та издөө иштери убактылуу токтотулган. Издөө 16-июнь күнү улантылат.
Ал эми Аламүдүн районунда 15-июнь күнү саат 07:00 чамасында Аламүдүн айылында жайгашкан ГЭС-3 суу сактагычында болжол менен 30-35 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.
Жерине 3 куткаруучу тартылып, жансыз денени алып чыгышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом