Жайыл районунун аз камсыз болгон үй-бүлөлөрү өз ишин баштоо үчүн мал сатып алышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Жайыл районунун 50 үй-бүлөсү «Социалдык контракт»долбоорунун алкагында 100 миң сомго сертификат алышты.
Алынган каражатка райондун 20 үй-бүлөсү социалдык кызматкерлер менен бирге өз ишин баштоо үчүн мал сатып алышты. Долбоордун катышуучулары аттарды, уйларды, койлорду, канаттууларды сатып алышты.
Жакынкы аралыкта долбоордун калган катышуучулары бизнести баштоо үчүн сатып алууларды да жүргүзүшөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз