Акжол Махмудовдун атасы элге кайрылуу жасады

Акжол Махмудовдун атасы элге кайрылуу жасады

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Акжол Махмудовдун атасы Мухамед Махмудов жалпы кыргыз элине кайрылуу жасап, уулу Акжолго берген убадасын аткарууга колдоо керек деген өңүттө өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына пост жазды.

Атасынын кайрылуусу:

“Ассалам Алейкум урматтуу кыргыз элим!!!

Акжол уулум баарыбызга жакшы маанай тартуулады окшойт. Үй-бүлөбүздөгү кубанычты тең бөлүшкөнүңүздөргө чоң рахмат. Акжол баратканда “чемпион болсоң аэропорттон Хабибди тоскондордой тосуп алабыз” деп убада берген элем. Жалганчы болуп калбайын 15-сентябрь эртең менен саат 05:10 Манас аэропортуна учуп келет экен”- деп жазган.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов (77 кг) Сербияда өтүп жаткан дүйнө биринчилигинин алтынын утуп, дүйнө чемпиону болду.

Финалда Махмудов венгриялык Золтан Леваи менен күрөшүп, аны 8:0 эсебинде жеңип алды.

Акжол Махмудов Кыргызстандын эгемендик тарыхында грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасында дүйнө чемпиону наамын алган биринчи спортчу болуп калды. Буга чейин грек-рим күрөшүнөн балбандар күмүш жана коло байге утуп келишкен. Маселен, Канат Бегалиев бир ирет (2006-жыл, 66 кг) жана Жоламан Шаршенбеков эки жолу (2018-жыл, 55 кг; 2021-жыл, 60 кг) дүйнө биринчилигинин күмүш медалын тагынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>