Изилдөө: Бишкек абанын булганышы боюнча экинчи орунда

Изилдөө: Бишкек абанын булганышы боюнча экинчи орунда

Кыргызстан 35,7 балл менен 180 өлкөнүн ичинен 126-орунду ээлеп, Айлана-чөйрөнүн натыйжалуулугунун индекси боюнча эң төмөнкү орунду ээледи. Бул туурасында маалымат Колумбия университетинин Жер жөнүндө эл аралык маалымат борбору менен биргеликте Йель экологиялык укук жана саясат борборунун 2022-жылдагы изилдөөсүндө айтылат. Маалыматка караганда, төмөн балл экологиялык маселелердин кеңири спектри, анын ичинде абанын сапаты жана калдыктарды башкаруу боюнча начар көрсөткүчтөрдү чагылдырары белгиленген.

«Эмиссияларды эффективдүү жөнгө салуу болбогондуктан Кыргызстандын өнөр жай ишканалары Бишкек сыяктуу шаарлардагы шаар калкына коркунуч туудурган кооптуу булгоочу заттарды атмосферага чыгарып жатат», — деп жазат изилдөөнүн авторлору.

Анда белгиленгендей, калкынын саны 1 миллион гана адам болгону менен Кыргызстандын борбору абанын булганышы боюнча 180 шаардын ичинде экинчи орунда турат.

«Бишкектин чөйчөк сымал географиясы көмүрдү жагуудан бөлүнүп чыккан булгоочу заттарды кармап турат, бул шаар тургундарынын ден соолугуна олуттуу зыян тийгизет», — деп айтылат изилдөөдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: аба Бишкек

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>