Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Чүйдө бээ менен кулунду уурдаган шектүү кармалды
29.11.2023 | 18:06
Чүй облусунун Сокулук районунда бээни кулуну менен уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 26-ноябрда милицияга райондун тургуну кайрылып, ошол эле күнү белгисиз адамдар жайытта жүргөн кулундуу бээни уурдап кеткенин билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары мурда соттолгон 48 жаштагы И.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Тергөө амалдары учурунда уурдалган кулундуу бээ табылып, ээсине кайтарылган.
Иликтөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз