Мэр президенттин кудасын, депутаттын агасын кызматтан бошотту

Мэр президенттин кудасын, депутаттын агасын кызматтан бошотту

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев  «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын директору Турусбек Түмөнбаевди кызматтан алды. Бул тууралуу муниципалитет кабарлады.

Ишкананын жетекчилиги тротуарларды убагында оңдобой, аны колго алган ортомчу компанияларды көзөмөлгө албагандыгы үчүн бошотулду. «Бишкекасфальтсервис» мекемесине убактылуу тышкы башкаруучу  дайындалды.

Белгилей кетсек, Турусбек Түмөнбаев бул кызматка 2023-жылдын март айында дайындалган. Ал ага чейин «Унаа» мекемесин жетектеп, тендер чуусунан улам 2021-жылдын сентябрь айында иштен кеткен.

Ал президент Садыр Жапаровдун кудасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаевдин агасы. «Унаа» мекемесине жетекчиликке Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин, 2020-жылы дайындалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>